Садыр Жапаров Антониу Гутерришке комуз белек кылды. Видео

Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.
"Президент Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти. Андан соң мамлекет башчы терең урматтоо иретинде БУУнун баш катчысына эстеликке белек кылып улуттук аспап комузду тартуу кылды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 3-июлга чейин иш сапары менен Кыргызстанда болот. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген.
БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга жасаган сапары. Видео