Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Украинага курал жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн катуу аракет көрүүдө

Киевге курал-жарак жөнөтүү жоопкерчилиги Вашингтондон НАТО жетекчилигине өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украинага курал-жарак жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн НАТО өлкөлөрү катуу аракет көрүп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасына таянуу менен Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Кабарда НАТО мамлекеттерин Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңиши да, Европадагы шайлоодо Киевге жардам берүүгө каршы тараптын ийгиликке жетиши да токтото албай турганы айтылат. Ушул себептен улам Киевге курал-жарак жөнөтүү жоопкерчилиги Вашингтондон НАТО жетекчилигине өтүүдө.
"АКШ мындай аракеттерди колдоодон баш тарткан күндө да Украинага курал-жарак жөнөтүү аракети токтобойт", — деген АКШнын НАТОдогу мурунку өкүлү Иво Даалдер.
Дал ушул максатта Киевге курал-жарак жеткирилишин координациялаган аткаминер жөнөтүлмөкчү. Ал АКШнын эмес, НАТОнун өкүлү болот. Мындан тышкары, АКШ эмес, НАТОнун көзөмөлү алдында Германиянын Висбаден шаарында Киевге аскердик техниканын жөнөтүлүшүн жана жоокерлерди даярдоо иштерин тескеген жаңы командачылык түзүлүүдө.
Орбан: Европарламентте ири оңчул партия түптөлүүдө