ЖМКлар НАТО Украинага жаңы чиновник жөнөтөрүн жазып чыгышты

Альянстын планы украин армиясын НАТОнун армиясына шайшкеш келтирүүгө да багытталган
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. НАТО Украинага жогорку даражадагы жаңы чиновнигин жөнөтүп, Германиянын Висбаден шаарында Киевге узак мөөнөттүү жардам көрсөтүү чараларынын алкагында жаңы командачылык түзөт. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык жана альянстын аткаминерлерине таянып жазды.
Гезиттин маалыматы боюнча, НАТО жаңы командачылыкты Киевге аскердик техника жеткирүүнү жана украин жоокерлерин окутуп-үйрөтүү иштерин координациялоо үчүн түзүп жатат. "Украинага коопсуздук жаатында жардам көрсөтүү жана окутуу" деп аталган операцияга АКШ, ошондой эле союздаш мамлекеттерден 700 аскер кызматкери тартылмакчы. Командачылык америкалыктардын 2022-жылдан бери аткарып келген миссиясынын басымдуу бөлүгүн өзүнө алары айтылды.
Макалада альянс Украина боюнча сунуштарды бир нече айда иштеп чыкканы, АКШнын президенттиги үчүн ат салыша турган Жо Байден менен Дональд Трамптын теледебатынан кийин анын актуалдуулугу артканы жазылган. Гезиттин маектештери мындай чаралар Батыш мамлекеттеринин Украинага жардам көрсөтүү аракеттерин тыкыр көзөмөлдөөгө көмөк болорун айтышкан.
"План украин армиясын НАТОнун армиясына шайшкеш келтирүүгө да багытталган", — деп жазылат материалда.
Басылма аталган демилге НАТОнун 9-11-июль күндөрү Вашингтондо өтө турган саммитинде биротоло бекитилерин, андан соң альянска мүчө мамлекеттердин кызматкерлери жаңы командачылыкта америкалыктар менен бирге иштей турганын кабарлаган. Мында кеп Украинанын муктаждыгын эске алуу менен техника жөнөтүү маселесин, ошондой эле украиналык аскерлерди окутуу иштерин координациялоо тууралуу болуп жатат. Маалымат берген аткаминерлердин айтымында, НАТО кызматкерлери аскерлерди даярдоого тартылбайт.
Россия Украинаны курал-жарак менен камсыздоо НАТО мамлекеттерин жаңжалга аралаштырып, "от менен ойнотуп" жатат деген пикирде. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага деп аскердик техника жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, кадр даярдап берип да жаңжалга аралашууда.
НАТО кошулушун каалабайт. АКШда Украина үчүн катаал билдирүү жасалды