Мектеп директорлугуна бош орундарга сынак жарыяланды. Кимдер катыша албайт?

Документтер толук же так эмес болсо сынакка катыштырбай коюуга негиз болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, документтер 15-июлга чейин кабыл алынат. Талапкер бир гана мектепке башчы болууга документ жөнөтө алат, ошондой эле бир мектепти 10 жыл башкарган адам конкурска катыша албайт.
Талап кылынган документтер жеке электрондук почта (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Почта даректери:
Баткен облусу – konkurs.batken@ncokoit.kg
Жалал-Абад облусу – konkurs.ja@ncokoit.kg
Ош облусу – konkurs.osh@ncokoit.kg
Ысык-Көл облусу – konkurs.ik@ncokoit.kg
Талас облусу – konkurs.talas@ncokoit.kg
Нарын облусу – konkurs.naryn@ncokoit.kg
Чүй облусу – konkurs.chui@ncokoit.kg
Бишкек шаары – konkurs.bishkek@ncokoit.kg
Ош шаары – konkurs.g.osh@ncokoit.kg
Ал эми бош орундардын тизмеси менен сайттан тааныша аласыздар.
Министрлик документтер толук же так эмес болсо сынакка катыштырбай коюуга негиз болорун кошумчалады.
Радио
Казиева: 12 жылдык системада жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат