Пресс-борбор

ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды

Табият кырсыгы 172 миллион 956 миң сомдук чыгымга учураткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө 20-апрелден 1-июлга чейин 236 ирет сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери Кубаныч Темирбек уулу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
ӨКМдин жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери Кубаныч Темирбек уулу
Анын айтымында, бул убакыт аралыгында Ошто 71, Баткенде 66, Жалал-Абадда 61, Таласта 11, Чүйдө 13, Нарында үч, Ысык-Көлдө беш жана Ош шаарында алты ирет сел жүргөн. Жалпысынан 404 турак жай, 53 соцобъект, 352,3 чакырым унаа жол талкаланган.
Тилекке каршы, аталган мезгилде тилсиз жоо 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын 15и Ош облусунун тургундары болсо, Жалал-Абад менен Баткен аймактарында бирден адам каза болгон.
Темирбек уулу эки ай ичиндеги жаратылыш кырсыктары 172 миллион 956 миң сомдук чыгымга учуратканын кошумчалады.
БУУнун баш катчысы селден улам өмүрлөрдүн кыйылышына байланыштуу көңүл айтты