Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш эмне маселе талкуулай турганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен Садыр Жапаровдун жолугушуусунда эмне маселелер талкууланарын айтып берди.
"БУУнун негизги максаты — туруктуу өнүгүү максаттарын аткаруу. 17 максат аныкталган, бардыгы боюнча Кыргызстандын айта турганы бар", — деди Азымбакиев.
Гутерриш Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен кездешет. Мынданы тышкары, БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине барат.
Эске салсак, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 3-июлга чейин иш сапары менен Кыргызстанда болот. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапар менен Кыргызстанга келет