Кыргызстан Кытайдын көмөгү менен резервдик интернет-канал түзөт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Россия жана Казакстан менен түзүлгөн негизги интернет-канал ошол бойдон каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдөгү интернеттин сапатын жакшыртуу үчүн Кыргызстан Кытайдын China Telecom Global Limited компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесарев жана "Кыргызтелеком" ААКтын башкы директору Нурлан Мадаминов башында турган расмий делегация Кытайга иш сапары менен барып, тиешелүү меморандумга кол коюлган.
"Долбоордун негизинде интернеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулата турган жаңы жабдуу орнотуу каралууда. Муну менен Кыргызстандын байланыш тармагы үчүн резервдеги канал пайда болмокчу", — деп жазылат маалыматта.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Россия жана Казакстан менен түзүлгөн негизги интернет-канал ошол бойдон каларын айтып, жаңысы байланыштын, интернеттин сапатын азыркыдан жакшыртарын кошумчалаган.
"Бишкек жарык" интернеттин кабелдерин кесип жатат. Мэрия себебин түшүндүрдү