Кыргызстан кумшекердин дээрлик баарын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алат

Таттуу азык өлкөгө 10 мамлекеттен киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанга импорттолгон канттын 99,7 пайызы Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин январь-апрель айларына берген маалыматында жазылган.
Бул аралыкта өлкө 23 миң 819 тонна кант импорттогон.
Кумшекер саткан мамлекеттер:
Россия — 23 миң 119,7 тонна;
Беларусь — 604,2 тонна;
Индия — 61;
Казакстан — 24,3;
Иран — 5,8;
Польша — 2,7;
Түштүк Корея —1,1.
Бельгия, Германия, Франциядан да чакан партиялар келген.
Былтыр ушул мезгилде 21,2 тонна кумшекер алып келинген.
Сырттан келген түз инвестициянын төрттөн бири ЕАЭБ өлкөлөрүнө таандык