С.Жапаров: Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулууда

Кыргызстан 2027-2028-жылдар аралыгындагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер экенин көптөн бери айтып келет.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке айтты.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын атаандашы Филиппин буга чейин төрт жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон жана аталган кеңешке бешинчи ирет кирүүнү каалап жатат. Бул маселе боюнча добуш берүү 2026-жылы (БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында) Нью-Йоркто өтөт.
"Нью-Йорк бизди колдойт деген чоң үмүтүбүз бар", — деди президент.
Эске салсак, Кыргызстан 2027-2028-жылдар аралыгындагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер экенин көптөн бери айтып келет. Маселен, бул теманы 2018-2020-жылдардагы президент Сооронбай Жээнбеков көтөрүп, Садыр Жапаров да бир нече жолу сүйлөгөн.
Коопсуздук кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо милдетин алган туруктуу органы болуп саналат. Кеңеш 15 штаттан турат. Алардын бешөө (Россия, АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Франция) вето укугу менен туруктуу жана өзгөрүлгүс статуска ээ. Коопсуздук кеңешине ошондой эле эки жылдык мөөнөткө шайлануучу 10 туруктуу эмес мүчө кирет.
Гутерриш дүйнөлүк финансы системасын сындады