Гутерриш: Кыргызстан өнүгүүгө бет алып, чапкан аттай баратат

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда азыркыдай динамикалуу өнүгүүнү буга чейин көрбөгөнүн айтты.
Башкы катчы өлкө президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Мен Кыргызстанга бир нече жолу келгем, бирок мындай динамикалуу өнүгүүнү көргөн эмесмин. Буга чейин Кыргызстан "уйкудагы сулуу" болсо, эми чапкан аттай баратат", — деди Гутерриш.
Антониу Гутерриш Кыргызстанга кечээ кечинде келди. Аны Ысык-Көлдөгү аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган. Баш катчынын иш сапары 3-июлга чейин уланат.
Гутерриш: Ферганадагыдай чиеленишкен чек араны эч көргөн эмесмин