Кыргызстандагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы чокулардын бирине Бириккен Улуттар Уюмунун аты берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Чолпон-Атада жолуканда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 158 чоку жана 9 959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылда мөңгүлөр 1 262 чарчы чакырымга азайган.
"Мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө көбүрөөк маани берүү жана дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту чыңдаш үчүн талыкпай эмгектенип БУУнун кызматкерлерине урмат көрсөтүү үчүн Кыргызстандын тоо кыркасындагы чокуга Бирикен Улуттар Уюму деген географиялык аталышты ыйгаруу тууралуу атайын жарлык кабыл алдым", — деди мамлекет башчы.
Андан кийин өлкө башчы тиешелүү сертификатты Антониу Гутерришке тапшырды.
Аталган чоку Ысык-Көл облусундагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Бийиктиги 5 576 метр.
Гутерриш: Ферганадагыдай чиеленишкен чек араны эч көргөн эмесмин