Министр Кулубаев: Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону колдойт

Министр Кыргызстан уюмдун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болсо, анын реформаларына өз салымын кошо аларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан Бирикен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешин реформалоону колдойт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, бул — көп жылдардан бери көтөрүлүп келе жаткан маселердин бири.
"БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо — уюмдун ассамблеясынын негизги темаларынын бири. Аталган маселе бардык деңгээлде талкууланып келе жатат. Бул — өтө татаал маселе. Япония, Германия, Индия сыяктуу мамлекеттер БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болгусу келет, алардын өз көз карашы бар. Анткен менен реформалар Коопсуздук кеңешинин дайымкы мүчөлөрүнүн макулдугу менен гана ишке ашат. Маселе 20 жылдан ашык убакыттан бери талкууланууда, балким, дагы талкууланат чыгар. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин реформасын жактайт", — деди Кулубаев.
Ошондой эле ал Кыргызстан Коопсуздук кеңештин туруктуу эмес мүчөсү болсо анын реформаларына өз салымын кошо аларын кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстан 2027-2028-жылдар аралыгындагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөн. Шайлоо БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында өтөт.
Кыргызстандагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылды