Радио

Мамытов: бүгүнкү күндө криптовалюта өзүнчө каржы инструменти болуп калды

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов БРИКС алкагында бирдиктүү криптовалюта пайда болушу мүмкүндүгүн божомолдойт.
Sputnik
Бүгүнкү күндө криптовалюта өзүнчө бир каржы инструменти болуп калды. Экономисттердин аны финансылык пирамида сыяктуу караганы менен элдин тартылуусу жылдан-жылга күчөп жатат. Анткени мында финансылык эркиндик бар. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда санарип акчалардын 1000ге чукул түрү колдонулат.
"Кыргызстан стейблкоин аркылуу ЕАЭБ мамлекеттери менен соода жүгүртүүсү керектиги айтылууда. Бул санарип акчаны ким чыгарат, мамлекет көзөмөлдөйбү деген сурооолор бар. Бирок бул мезгил чакырыгы, биз андан качып кутула албайбыз. Анткени криптовалюта барган сайын кулачын жайып баратат. Ооба, азырынча санарип акчага нан сатып ала албайбыз, ал биржаларда гана айланган акция, облигация, фьючерс сыяктуу эле иштеп жатат. Бирок ошого карабай чоң каражат салып, кызыккандар көбөйүүдө. Анткени мында эркиндик бар. Чоң комиссиялар алынбайт, көзөмөл жок. Ошондуктан да ири ишкерлердин кызыгуусу артууда. Октябрь айында Казань шаарында БРИКС мамлекеттеринин саммити өтөт. Анда уюм алкагында санарип акчаны айлантуу боюнча сөз болору күтүлүүдө. Андыктан Кыргызстан дагы өз аракетин көрүп, санарип акча жүгүртүүнү колго ала бергени дурус. Бул боюнча бизде даярдыктар жок эмес", — деди Мамытов.
Ал БРИКС мамлекеттери санарип акча жүгүртүүнү соода алакасына кошсо доллардын наркынын түшүшүнө таасир тийгизерин кошумчалады.