Астана мамлекеттик сапар менен барган Си Цзиньпинди чоң сый менен тосуп алды. Видео

Аба майдандан Кытай лидерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстанга мамлекеттик сапары менен келди.
Аба майдандан Кытай лидерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.
Сапардын алкагында тараптар жогорку деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, маанилүү документтерге кол коюлары айтылган.
Кытай лидери 3-4-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун Астанада өтө турган саммитине катышат.
Си Цзиньпин: Астанада өтө турган саммит ШКУнун чоң үй-бүлөсүн бириктирет