БУУнун баш катчысы селден улам өмүрлөрдүн кыйылышына байланыштуу көңүл айтты

Антониу Гутерриш Кыргызстанга кечээ кечинде келди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен жолугуп жатып селден улам адам өмүрлөрүнүн кыйылышына байланыштуу кыргызстандыктарга көңүл айтты.
"Адам өлүмүн шарттаган кырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоомду билдирем", — деген баш катчы.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокатта сел жүрүп, натыйжада 10 киши каза тапкан. Көбү балдар, арасында Казакстандын да жарандары бар. Ал эми 30-июнь күнү Кара-Кулжадагы сел бир үй-бүлөнү (атасы, апасы, эки уулу) алып кеткен.
Антониу Гутерриш Кыргызстанга кечээ кечинде келди. Аны Ысык-Көлдөгү аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган. Баш катчынын иш сапары 3-июлга чейин уланат.
Ноокаттагы сел: Токаев Жапаровго көңүл айтты