Гутерриш: Газада каза болгондордун саны Украинага салыштырмалуу эки эсе көп

Башкы катчы чоң державалардын ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан кичи державалар "өздөрү каалаганын кыла аларын сезип жатканын" кайгыруу менен белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Газа секторундагы жаңжал Украинадагы окуядан кийин башталса да, андагы курмандыктардын саны эселеп көп. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
Ал мындай көрүнүштү токтотуу зарылдыгын белгиледи.
"Украинада заманбап куралы бар эң күчтүү армиялардын ортосунда кагылыш жүрүп жатат. Газада андай эмес, бирок анклав системалуу түрдө бомбаланып, эбегейсиз көп өлүмгө жана кыйроого алып келди. Украинадагы жаңжал Газа тилкесиндегиге караганда мурда башталганы менен анклавдагы жай тургундардын өлүмү эселеп көп болууда. Муну токтотуу керек. Биз Ливандын дагы бир Газага айланышына алып келе турган эскалацияга тынчсызданып жатабыз. Эл аралык коомчулук үчүн бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе", — деди Гутерриш.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө чоң державалардын ортосунда карама-каршылык күч болгондуктан кичи державалар "каалаганын кыла аларын сезип жатканын" кайгыруу менен белгиледи.
Антониу Гутерриш Кыргызстанга кечээ кечинде келди. Аны Ысык-Көлдөгү аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган. Баш катчынын иш сапары 3-июлга чейин уланат. Ал бүгүн Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Армения Палестинаны мамлекет катары тааныды