Гутерриш дүйнөлүк финансы системасын сындады

Баш катчы Кыргызстанга 1-июлда келген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугуп жатып дүйнөлүк финансы системасын сынга алды.
Жогорку даражалуу мейман ушу тапта Чолпон-Атада.
"Биздин милдет — Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанып калган системаны алмаштыра турган жаңы системага негиз салуу. Эскиси бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калды. Андыктан иштеп жаткан финансы системасын реформалоо муктаждыгы бар. Буга "байлардын байлар үчүн" түзгөн Бреттон-Вуд келишимдери өзгөрүшү керек", — деди Гутерриш.
Эскерте кетсек, баш катчы Кыргызстанга 1-июлда келген. Аны Ысык-Көлдөгү аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Баш катчынын сапары 3-июлга чейин уланат.
Гутерриш: Кыргызстан өнүгүүгө бет алып, чапкан аттай баратат