Гутерриш: эркиндик кыргыз элинин канында экен

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргыз эли эч убакта авторитардык режимди кабыл албайт. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айтты.
Башкы катчы өлкөнүн тышкы иштер министри кыргыз эли эч убакта авторитаризмди кабыл албай турганын түшүндүрүп бергенин белгиледи.
"Кыргызстандын тышкы иштер министри эркиндик кыргыз элинин канында экенин айтты, аябай таасирлендим. Бул суктанарлык көрүнүш кылымдар менен далилденип келе жатат. Министр кыргыз эли эч убакта авторитаризмди кабыл албай турганын, мындан улам бийлик башындагылар үчүн демократия менен эркиндик өзүнүн түпкү маанисинде өтө орчундуу экенин да түшүндүрүп берди", — деди Гутерриш.
Антониу Гутерриш Кыргызстанга кечээ кечинде келди. Аны Ысык-Көлдөгү аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган. Баш катчы 2-июлда президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын сапары 3-июлга чейин уланат.
БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга жасаган сапары. Видео