БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү эмне берет? ТИМдин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу ниети тууралуу үн катты.
Ал Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып журналисттердин суроолоруна жооп берген.
Министрдин айтымында, Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу көбүнчө өлкөнүн имиджи үчүн пайдалуу.
"Эгер биз мүчө болсок, анда Кыргызстан мамлекет катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги отурумдарына катышып, күн тартибиндеги бардык эл аралык маселелер боюнча кабардар болот. Кыргызстан пикирин билдирип, өз салымын кошо алат. Бул — өлкө глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө катыша алат деген имидж", — деди Кулубаев.
Министр БУУнун Коопсуздук кеңешинин реформасы көп жылдан бери талкууланып келгенин, Кыргызстан аны колдой турганын белгиледи.
БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга жасаган сапары. Видео