БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга жасаган сапары. Видео

Ысык-Көлдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин сүйлөшүүлөрү өттү.
Sputnik
Сапардын жүрүшүндө маанилүү маселелер көтөрүлүп, тынчтыкты сактоо жана Газадагы кырдаал талкууланды.
Гутерриш Кыргызстанда жасалып жаткан иштерди белгилеп, өлкө тез өнүгүп жатканын айтты.
"Мен Кыргызстанга бир нече жолу келгем, бирок мындай динамикалуу өнүгүүнү көргөн эмесмин. Буга чейин Кыргызстан "уйкудагы сулуу" болсо, эми чапкан аттай баратат", — деди Гутерриш.
БУУнун баш катчысы Кыргызстанды "тынчтыктын символу" деп атоого болорун айтты.
"Республика коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечип жатат", — деди Гутерриш.
Ал эми Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулуп жатканын билдирди. Өлкө башчы белгилегендей, Кыргызстандын атаандашы Филиппин буга чейин төрт жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон, эми аталган кеңешке бешинчи ирет кирүүнү каалап жатат. Бул маселе боюнча добуш берүү 2026-жылы (БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында) Нью-Йоркто өтөт.
Коопсуздук кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо милдетин алган туруктуу органы болуп саналат. Кеңеш 15 штаттан турат. Алардын бешөө (Россия, АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Франция) вето укугу менен туруктуу жана өзгөрүлгүс статуска ээ. Коопсуздук кеңешине ошондой эле эки жылдык мөөнөткө шайлануучу 10 туруктуу эмес мүчө кирет.