Бишкекте Тез жардамдын кош бойлуу дарыгери сабалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкекте аял Тез жардам кызматынын дарыгерин сабады. Маалыматты Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов тастыктады.
Ага ылайык, окуя 30-июнь күнү болгон. Тез жардам кызматы баланын ичи ооруп жатканы боюнча чакырыкка барышкан.
Медиктер баланы карап, аны ооруканага алып баруунун зарылдыгы жок экенин айтышкан. Бирок баланын апасы алып барууну талап кылып, дарыгерге кол көтөргөн. Жыйынтыгында медик мээси чайкалып ооруканага жаткырылганы белгиленди. Мындан тышкары, дарыгердин кош бойлуу экени белгилүү болду.
Ленин РИИБинен аталган факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынмакчы.
Министрлик: Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымы сабалды