Бишкек ЖЭБине жаңы директор дайындалды. Ал буга чейин да ишкананы жетектеген

Жаңы жетекчинин алдына башталган реформаларды аягына чыгаруу жана коюлган пландарды ишке ашыруу милдеттери коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нургазы Курманбеков Бишкек ЖЭБине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны жамаатка мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев тааныштырып, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана коюлган пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер турганын белгилеген.
Нургазы Курманбеков Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетинде "электр станциялары" адистигин аяктаган. Ал буга чейин, тагыраагы, 2021-2022-жылдары Бишкек ЖЭБинин директору болуп эмгектенген.
Ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулганы кошумчаланды.
Экология министринин милдети Азис Сапаралиевге жүктөлдү