Бишкектин түндүгүндө үч күн газ болбойт. Даректер

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Бишкек газ" ишканасы борбор калаанын айрым жерлеринде 3-5-июль күндөрү газ болбой турганын билдирди.
Бул күндөрү жер алдындагы газ түтүктөрү оңдолмокчу.
Газ төмөнкү даректер менен чектешкен жерлерде болбойт:
Чоң Чүй каналы, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный, Алма-Ата, Гидросторительная, Аул, Курманалиев, Биринчи май, Логвиненко, Киргизский көчөлөрү, айланма жол, Ала-Арча дарыясы, Бухара, Заводской, Коллектив жана Кырк-Чоро көчөлөрү менен чектешкен жерлер.
Мындан тышкары, бул күндөрү газ Төмөнкү Ала-Арча айылында, Красный строитель, Кайыңды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай конуштарында, "Шоро", "Шин-Лайн", "Куликовский" ишканаларында, Кургак учукка каршы шаардык ооруканада жок болот.
Газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сураган.
Май куюучу жайларда газ үчүн узун кезектер жаралды. Маселе качан чечилет