"Азия балдары" оюндарында кыргызстандыктар дагы беш медаль утту

Кыргызстандыктар оюндарда жалпы 25 байгелүү орунга илинди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Якутск шаарында өтүп жаткан "Азия балдары" оюндарында кыргызстандыктар дагы беш медаль утушту.
1 / 2

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, дзюдо боюнча мелдеште Ильяс Сейитказиев 46 килограмм салмакта коло байгесине ээ болду

2 / 2

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, дзюдо боюнча мелдеште Самира Жарова 52 килограммга чейинки категорияда күмүш байгеге ээ болду

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, дзюдо боюнча мелдеште Ильяс Сейитказиев 46 килограмм салмакта коло, Самира Жарова 52 килограммга чейинки категорияда күмүш байгеге ээ болду.
Оюндарга "Олимп" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин үч спортчусу (аялдар күрөшү) катышып, алар да байгелүү орундарды ээлешкенин Бишкек мэриясы билдирди.
Тизме:
Адинай Байыскулова (54 кг чейин) алтын;
Аяна Асылбекова (50 кг чейин) күмүш;
Жаңылай Мээрбекова (39 кг чейин) коло медаль.
Кыргызстандыктар оюндарда жалпы 25 байгелүү орунга илинди. Бүгүнкү күндө мекендештердин эсебинде төрт алтын, 10 күмүш жана 11 коло бар. Жалпы командалык эсепте команда 12-орунда.
"Азия балдары" оюндары 7-июлда аяктайт.
Якутияда "Азия балдары" оюнунун ачылышы болду