Экология министринин милдети Азис Сапаралиевге жүктөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Парламент учурда каникулда болгондуктан Азис Сапаралиев сентябрга чейин министрдин милдетин аткаруучу статусунда иш алып барат.
Эске салсак, мурдагы министр Мелис Тургунбаев 26-июнда кызматынан бошотулуп, кийин Улуттук банктын төрагасы болгон. Ал аталган кызматты 2023-жылдын мартынан бери аркалап келген.
Азиз Сапаралиев 45 жашта. Ал буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган.
Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды