Жазык иштери кайсы учурда кыскартылат? Прокуратуранын түшүндүрмөсү

Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурор беш сутканын ичинде тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Айыптоо корутундусу менен келип түшкөн жазык иши боюнча кандай аракет көрүлүп, чечим кантип кабыл алынарын Бишкек шаардык прокуратурасынан түшүндүрүп беришти.
Маалыматка ылайык, бул боюнча эрежелер Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 36-главасынын 261, 262 жана 263-беренелеринде көрсөтүлгөн. Аларга ылайык, айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурор беш сутканын ичинде төмөндөгүлөрдү иликтөөгө жана текшерүүгө милдеттүү:
айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамынын бар-жогун;
иште кыскартууга алып келген жагдайлардын болгондугун;
коюлган айыптын негиздүүлүгүн, анын далилдер менен тастыкталгандыгын;
иш боюнча аныкталган жана далилденген кылмыштуу аракеттер боюнча айып угузулган-угузулбаганын;
иш боюнча аларга карата кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө далилдер табылган бардык жактар айыпталуучу катары тартылганын;
аракет туура квалификацияланганын;
материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлгөнүн;
сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ушул Кодексти бузууга жол берилген-берилбегенин;
конфискациялана турган мүлктүн кылмышка тиешеси бар-жогу.
Прокурор тергөөчүдөн айыптоо актысы менен түшкөн кылмыш ишин карап, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга укуктуу:
айыптоо актысын бекитүүгө;
өзүнүн токтому менен айыптоонун айрым пунктуларын алып салууга же айыпталуучунун аракетин жеңилдетүү жагына кайра квалификациялоого;
мөөнөтүн көрсөтүү менен кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кошо тергөөчүгө бир айдан ашпаган убакытты белгилеп кайтарып берүүгө;
ишти кыскартууга.
Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор шектүүгө анын көчүрмөсүнүн тапшырылышын камсыз кылат. Өтүнүч болсо актынын көчүрмөсү жабырлануучуга да берилет. Аны алганы боюнча тараптардын тил каты ишке тиркелет.
Прокурор бекитилген айыптоо актысы менен кошо камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун беш күндүк мөөнөтү бүткөнгө чейин ишти сотко жөнөтөт. Бул тууралуу айыпталуучу, жактоочу, жабырлануучу жана анын өкүлү кабардар болушу зарыл.
Радио
Чет өлкөдө соттолгон 43 кыргызстандыкты мекенге кайтаруу иши жүрүүдө