Аймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ элди сак болууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 2-7-июль аралыгында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ сел каптап кетпеши үчүн төмөнкү кеңештерди берди:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Пресс-борбор
ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды