3-июлга карата аба ырайы

3-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери белгиленген.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас аймагында 25…30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көлдө 21…26, Нарын өрөөнүндө 20…25 градус жылуу болот.
Борбордо жана Ош шаарында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы Бишкекте 28…30 градусту көрсөтсө, Ош калаасында 30…32, Чолпон-Атада 22…24 градуска чамалап барат.
Аймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ элди сак болууга чакырды