Башкы прокуратуранын 100 жылдыгы кандай белгиленет?

Sputnik
Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда түзүлгөн. Анын түптөлүшү экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүгө өбөлгө түзүп, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бириктирүү процесстерин тездеткен. Быйыл 100 жылдык маараке өлкөдө мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Кыргыз прокуратурасынын тарыхы да Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн учурдан башталат.
Анын тарыхы жана азыркы учуру кандай, мааракеге байланыштуу кандай иш-чаралар өтөрүн Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын генерал майору Курмантай Абдиев жана Башкы прокуратуранын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Кумарбек Байдылдаев айтып берди.