Сырттан келген түз инвестициянын төрттөн бири ЕАЭБ өлкөлөрүнө таандык

Россия Кыргызстандын экономикасына эң ири инвестиция салган өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын I кварталында 200,3 миллион доллардан ашык сырттан түз инвестиция келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жалпы тартылган инвестициянын 26,5 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.
Үчтүккө кирген ири инвесторлор:
Кытай — 52 миллион 868,4 миң доллар (26,4 пайыз);
Россия — 39 миллион 932,6 миң (19,9 пайыз);
Түркия — 26 миллион 980,6 миң (13,5 пайыз).
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн каражат:
Россия — 39 миллион 932,6 миң доллар (19,9 пайыз);
Казакстан — 12 миллион 676,5 миң (6,3 пайыз);
Беларусь — 310,9 миң (0,2 пайыз);
Армения — 76,4 миң.
Парламент ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода тууралуу макулдашуусун ратификациялады