Стенин — 2024 сынагы интернет-колдонуучулар арасында добуш берүүнү баштады

Жеңүүчү августтун башында аныкталып, интернетте популярдуу болгон сүрөттүн автору дипломго ээ болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Июль айынын биринчи жумасында Андрей Стениндин элесине арналган эл аралык фотоконкурстун веб-сайтынын орус жана англис версияларында онлайн добуш берүү башталды.
Интернет-колдонуучулар эл аралык калыстар тобунун чечими менен кыска тизмеге кирген сүрөт же сериянын эң жакшысын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жеңүүчү ага берилген эң көп добуш менен аныкталат.
Добуш берүү үчүн сынактын сайтынан сүйүктүү сүрөтүңүздү же сүрөттөрдүн сериясын тандап, алардын жанындагы баскычты басышыңыз керек. Соцтармактарда жеке профилиңиздин болушу талап кылынбайт. Добуш берүү 31-июль саат 23:59га (Москва убактысы боюнча) чейин жүргүзүлөт.
Жеңүүчү августтун башында аныкталып, интернетте популярдуу болгон сүрөттүн автору дипломго ээ болот.
Кыска тизмедеги талапкерлердин байгелүү орундары, ошондой эле гран-при жеңүүчүлөрү уюштуруу комитети тарабынан сентябрь айында веб-сайттын орус жана англис версияларында жарыяланат.
Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө дүйнө боюнча роуд-шоу уюштуруу пландалууда.

Сынак жөнүндө

"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Сынактын эл аралык медиаөнөктөштөрү: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу (Эл аралык), RT телеканалы жана порталы (Эл аралык), медиахолдинг Independent Media (Түштүк Африка), ANA маалымат агенттиги (Түштүк Африка), Shanghai United Media Group (SUMG) ) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы (Кытай), The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Сынакты тармактык өнөктөштөр катары төмөнкүлөр колдойт: Россиянын Журналисттер союзу, "Жаш журналисттер" маалымат порталы (Россия), Россиянын фотопорталы (Россия), Photo-study.ru порталы (Россия).
Андрей Стенин атындагы сынак 2024-жылга карата кыска тизмесин жарыялады