Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу автоунаалар үчүн ачык

Кыян Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 35-36-чакырымындагы убактылуу жолду жеп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынан билдиришти.
Буга чейин соцтармактарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолун сел алып кеткен видео тараган.
Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, нөшөрлөгөн жаандан улам кокту-колоттон чогулган кыян суулары сайга топтолуп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 35-36-чакырымындагы убактылуу жолдун бетон шакекчелерин агызып, жолду жараксыз абалга алып келген.
Жерине техника тартылып, убактылуу жолдун 300 метр жери жабылган. Ал эми унаа каттамдар ремонт жүрүп жаткан негизги жол аркылуу тоскоолдуксуз өтүүдө.
ӨКМ Ноокаттагы Абшыр-Атада болгон селдин себептерин аныктады