Мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого 600 млн. сомдон ашуун акча бөлүндү

Жыйында мамлекет башчы мартта башталган реформанын алкагында билим берүү системасын санариптештирүү боюнча иш жүргүзүүнү тапшырганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Өлкөбүздүн орто мектептердин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында мамлекет башчы мартта башталган реформанын алкагында билим берүү системасын санариптештирүү боюнча иш жүргүзүүнү тапшырганын эске салды.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын, ал үчүн бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, жыл соңуна чейин мугалимдердин 50 пайызы, 2025-окуу жылында 100 пайызы ноутбук менен камсыздалат.
"Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын берип, технологиялардын доорунда кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келип жеткенин баса белгиледи. Ноутбуктарды чогултуу боюнча "Кыргызиндустрия" мекемеси менен келишим түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкө башчы ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырганы кошумчаланды.
Садыр Жапаров медиктердин маянасын көтөрдү. Ким канча ала баштайт?