Садыр Жапаров медиктердин маянасын көтөрдү. Ким канча ала баштайт?

1-июлдан баштап алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына иштөө үчүн жиберилген адистерге 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөм каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкка ылайык, 1-сентябрдан тарта дарыгерлердин маянасы 50 пайызга чейин, орто медициналык персоналдыкы 20 пайызга чейин, кенже тейлөөчү персонал менен Тез жардам кызматынын айдоочуларынын айылыгы 10 пайызга чейин жогорулатылат.
Садыр Жапаров мисал катары буларды келтирди:
мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат;
35 миң 481 сом алган анестезиолог-реаниматологдун айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат;
32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат;
буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.
Медиктердин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде президент алыскы аймактарда саламаттык сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында 1-июлдан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, 1-июлдан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөм каралууда.
Пресс-борбор
Министр медиктердин маянасы 50-100 пайызга көтөрүлөрүн билдирди