Ноокатта сел агызып кеткен баланын сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ноокат районунда куткаруучулар селдин кесепетинен каза болгон баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени такталды.
28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан тогуз адам каза болду, дагы бир бала изделүүдө. Акыркы табылган эки бала казакстандыктар экени аныкталган. Казак тарап гумжардам жеткирген учагы менен жарандарынын сөөгүн алып кетет.
Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогулткандарга кайрылды