Радио

Кыргызстан Кытайга эт экспорттоону пландап жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ички ветеринария көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев Кытайга эт, балык, тери, жүн экспорттоо үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандан Кытайга эт экспорттоо маселеси чечилүү алдында турат. Учурда коңшу өлкөнүн рыногун изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Тилек Табалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Кытай рыногуна эт чыгарууга мүмкүнчүлүк алган 7-8 өлкөнүн бири болот.
"Ушул жылдын аягына чейин Кытайга эт жеткирүү боюнча протоколго кол коюлуусу күтүлүүдө. Кол коюлса эле дароо экспортту баштайбыз. Бул жакшы жетишкендик. Анткени биздин маалымат боюнча, Кытай рыногуна 7-8 өлкөнүн гана мүмкүнчүлүгү бар. Негизи Кытайга быйыл экспортту бир нече багытта ачабыз деп план койгонбуз. Аларга токтолсом, тери, жүн, эт жана балык экспорту пландалган. Жакында эле министр Үрүмчүгө барып, жакшы жаңылыктар менен келди. Балык боюнча Кытай тарап жактырды, жакын арада биз тараптан кол коюлат", — деди Табалдиев.
Ошондой эле ал Кытай рыногуна экспорт менен чыгуу Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик экенин кошумчалады.