Кара-Кулжада да сел жүрүп, бир үй-бүлөдөн төрт адамды агызып кетти

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кара-Кулжа районунда сел бир үй-бүлөнү агызып кетти. Кабарды Ош облустук администрациядан тастыкташты.
Алдын ала маалымат боюнча, түндө райондун Жетим-Дөбө айылында жүргөн сел Daewoo Matiz унаасында бараткан беш адамды (аялы, күйөөсү, эки уулу жана кызы) агызып кеткен.
Атасы 7 жашар кызын куткарып, калгандарына келгенде өзү кошо агып кеткен. Учурда үч адамдын сөөгү табылып, дагы бир бала изделүүдө.
Акылбек Жапаров Ноокаттагы селдин кесепетинин масштабын көрдү. Сүрөт