Радио

Эксперт: Кыргызстан корпоративдик туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурушу кажет

MICE Group компаниясынын негиздөөчүсү, туризм боюнча эксперт Айбек Жапаров корпоративдик туризмди өнүктүрүү аркылуу чоң киреше көрүүгө болорун айтты.
Sputnik
Борбор Азияда Кыргызстандын MICE-туризм боюнча потенциалы жогору, бирок инфраструктуралык жактан артта. Мисалы, Өзбекстан, Казакстанда 20дан ашык тармактык отелдер, ири соода борборлору бар. Бул тууралуу Айбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, MICE форматындагы бизнестик иш-чараларга, турларга талап жогорулады.
"MICE-туризм — корпоративдик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан бизнес-туризм индустриясынын бир багыты. MICE түшүнүгү Meetings, Incentives, Conferences, Exhibitions деген сөздөрдүн жыйындысынан туруп, корпоративдик жолугушуулар, тимбилдинг, ири компаниялардын иш-чараларын уюштуруу дегенди билдирет. Учурда бул индустрия Борбор Азияда жакшы жолго коюлуп келе жатат. Чоң команданы тосуп, аларды мейманкаларга жайгаштырып, түрдүү программаларды тартуулап, кооз жерлерге алып барабыз. Негизи бул тармак абдан көп киреше алып келет. Орто Азияда Кыргызстандын MICE-туризм боюнча потенциалы жогору, бирок инфраструктуралык жактан арттабыз. Мисалы, Өзбекстан, Казакстанда 20дан ашык тармактык отелдер, ири соода борборлору бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал корпоративдик туризмди уюштурууда өлкөнүн кадрдык потенциалы абдан жогору экендигин кошумчалады.