Кыргызстандыктар 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 262 миңден ашык кыргызстандык жалпы суммасы 13,6 миллиард сомду түзгөн микрокредиттерди алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Микрокредит алуучулардын эң көп саны Бишкек (50,2 миң), Ош (46,9 миң), Жалал-Абад (40,4 миң) жана Чүй (36,5 миң) облустарында жашайт.
Микрокредиттер кандай максаттар үчүн берилген?
керектөөчүлөрдүн керектөөлөрү — 49 пайыз;
айыл чарбасы — 24 пайыз;
соода — 12 пайыз;
транспорт жана байланыш — 3 пайыз;
курулушка — 3 пайыз;
башкалар — 8 пайыз.
Радио
Чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендерге пайызсыз насыя берилүүдө