Кара-Кулжадагы сел агызып кеткен үй-бүлө. Аман калган кызы ооруканада

Кара-Кулжада унаада бараткан беш кишини сел агызып, үчөөнүн сөөгү табылып, дагы бирөө изделүүдө. Ал эми аман калганы ооруканага жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлө башчысы ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон. Бул тууралуу Ош ОИИББ билдирди.
1 / 2

Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлө башчысы ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон

2 / 2

Маалыматка караганда, А.Р. 36 жашта, ал эми келинчеги Ж. кызы А. 34 жашта болгон. Аларды 12 жаштагы, төрт жаштагы уулдары менен сел агызып кеткен

Маалыматка караганда, А.Р. 36 жашта, ал эми келинчеги Ж. кызы А. 34 жашта болгон. Аларды 12 жаштагы, төрт жаштагы уулдары менен сел агызып кеткен.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында үй-бүлөнүн атасы, апасы жана 12 жашар уулунун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Төрт жаштагы баласы изделүүдө.
Ал эми аман калган 8 жаштагы А. аттуу кызы ооруканага жеткирилген.
Эске салсак, түндө райондун Жетим-Дөбө айылында жүргөн сел Daewoo Matiz унаасында бараткан беш адамды (аялы, күйөөсү, эки уулу жана кызы) агызып кеткен. Атасы кызын куткарып, калгандарына келгенде өзү кошо агып кеткени кабарланган.
Бир шылуундун айынан адамдар көз жумду. Акылбек Жапаров Ноокаттагы сел тууралуу