Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлө: изделип жаткан баланын сөөгү табылды

Кырсык кечээ түндө болуп, сел унаа менен кетип бараткан бир үй-бүлөнү агызып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кара-Кулжада сел агызып кетип, изделип жаткан төрт жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык кечээ түндө болгон. Сел Daewoo Matiz унаасы менен бараткан үй-бүлөнү (аялы, күйөөсү, эки уулу жана кызы) агызып кеткен. Буга чейин атасы, апасы жана 12 жаштагы уулунун сөөгү табылган. Ал эми төрт жаштагы баласы изделип жаткан.
Мындан тышкары, кырсыктан 8 жаштагы кызы аман калганы кабарланган.
Бир шылуундун айынан адамдар көз жумду. Акылбек Жапаров Ноокаттагы сел тууралуу