Орбан: Европарламентте ири оңчул партия түптөлүүдө

Премьердин айтымында, Европада саясий өзгөрүүлөр башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Өкмөт башчы Виктор Орбан Венгрия, Чехия жана Австрия партияларынын саясий бирикмеси бир нече күндө эле Европарламентте ири оңчул фракцияга айланарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Эскерте кетсек, Европа парламентинде саясий альянс түзүлгөнүн Австриянын эркиндик партиясынын жетекчиси Герберт Кикль, Венгриянын премьери жана "Фидес" партиясынын башчысы Виктор Орбан менен Чехиянын ANO партиясынын төрагасы, экс-премьер Андрей Бабиш Венада өткөн маалымат жыйында билдиришкен.
"Биз, менин көз карашымда, жакын арада ири европалык фракция боло ала турган саясий бирикме түздүк. Европарламент шайлоосу менен 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан кийин башталган доор соңуна чыкты. Бул мезгилди кийин тарыхчылар Европада саясий өзгөрүүлөр башталган күн катары жазып чыгат", — деген Орбан М1 телеканалы көрсөткөн маалымат жыйында.
Саясатчы Европа элдери тынчтыкты, тартипти жана өнүгүүнү каалашарын, ал эми Брюсселдин элитасы согуш, миграцияга кептеп жатканын белгилеген.
"Мындай оор кризиске Брюсселдин туура эмес чечимдери себеп болду. Ал европа экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөттү, биз азыр келечекте маанилүү өнөктөш болот дегендер менен соода согушунун босогосунда турабыз. Жашыл өтмөк бузулду, азыркы тапта Боюсселде болуп жаткан нерселер "жашыл" саясат эмес, бул — жашыл уу. Ал бизди дарылабай эле ууландырып жатат", — деди Орбан.
Премьердин айтымында, жаңы альянс Европарламент шайлоосунда оңчулдарга добуш берген шайлоочулардын эрк-укугун камсыздоону максат кылат. Дал ушул шайлоодон кийин улуттук өкмөттөр элдин чечимин кабыл алып отставкага кетүүгө аргасыз болушкан. Орбан учурда Брюссель элитасы каршылык көрсөтүп жатканын, анткени "Брюссель демократиялык конструкция болуп саналбай турганын" белгиледи.
Орбан: Европаны согушка кептей турчу поездди жайлатууга мүмкүн болду