УКМК: Чаткалдагы кенден 1100 тоннадан ашык алтын руда мыйзамсыз чыгарылган

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Чаткалдагы Сарай-Сай кенинен 1 100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташыгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, ал рудаларды жалган документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максаты көздөлгөн.
"Кылмыш иши козголуп, 25-июнда М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. аттуу жарандар кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алган. 27-июнда Биринчи май райондук соту шектүүлөрдүн экөөсүн УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат бул ишке тиешеси барларды тактап жатканын кошумчалады.
Садыр Жапаров алтын камтыган руда менен концентратты экспорттоого салынган тыюуну алды