Байдендин жакындары анын дебаттагы жеңилишине күнөөлүүлөрдү тапты

Өлкө башчы бүлөсүнүн сөзүнө кулак салып чара көрөр-көрбөсү белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин үй-бүлөсү анын экс-президент Дональд Трамп менен теледебатындагы жолу болбой калышын кеңешчилеринен көрүп жатат. Бул тууралуу Politico жазды.
"Жо Байдендин үй-бүлө мүчөлөрү ич ара президенттин теледебаттагы жеңилишине президенттин кеңешчилерин күнөөлөп, өлкө башчыдан аларды иштен алып же кызматынан төмөндөтүүгө чакырышты", — деп басылма атын атагысы келбеген ишенимдүү адамдарга таянган.
Кеңешчилерге Байдендин "чабуулга өтө албаганы", жасалган жумуш тууралуу айткандын ордуна коргонууга өткөнү жана катуу чарчаганы боюнча кине коюлууда.
Гезит Байдендин айтылгандарга кулак кагар-какпасы белгисиз экенин жазды.
Американын ЖМКлары бир ооздон Байдендин Трамп менен болгон алгачкы сөз жарышы ийгиликсиз болгонун айтышууда. Президент такалып, оюн топтой албай койгон, ал эми иш-чарадан кийин тепкичтен түшүүгө жубайы жардам берген.
Эми саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденди башка талапкер менен алмаштыра аларын айтып-деп жатышат. Теорияда августта өтчү съездде муну жасоого болот, бирок иш жүзүндө алдын ала шайлоодо жеңип чыккан Байденди өзүнүн каалоосу болбосо жарыштан четтетүү оор. Ал арада президенттин штабы өлкө башчы шайлоого катышарын айтууда.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. Ал эми шайлоо 5-ноябрда өтөт.
ЖМК Байден кайсы учурда президенттик шайлоого катышуудан баш тартарын жазды