Абшыр-Ата жолу калыбына келтирилип, жол ачылды

Буга чейин Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү бүгүн, 1-июлда, төрт сааттын ичинде калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жол каттамын ачуу максатында беш инженердик техника, ошондой эле "Түштүк-Кыргызцемент" заводунан төрт атайын техника тартылган.
"Эртең менен саат 9:00дө башталган жумуш 13:00дө толугу менен бүткөрүлүп, унаалардын бардык түрү үчүн жол ачылды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү Көк-Жар – Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
Ноокатта сел агызып кеткен баланын сөөгү табылды