Абшыр-Атада сел агызган 10 адам бир бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Көз жумгандардын арасында Казакстандын жарандары да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ноокаттын Абшыр-Атасында селден каза болгон тогуз адам жана изделип жаткан эки жашар бала бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Ноокат районунун жергиликтүү бийлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, алар Абшыр-Атага эс алууга барганда кырсыктаган.
Каргашада Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын 19, 15 жана 11 жаштагы уулдары каза болду. Учурда аялдын эки жаштагы небереси (кызынын уулу) изделүүдө.
Мындан тышкары, эс алууга чогуу барган маркум аялдын Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин эки баласы, туугандарынын дагы үч баласы көз жумганы маалым болду.
28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан тогуз адам каза болду, дагы бир бала изделүүдө. Акыркы табылган эки бала казакстандыктар экени аныкталган. Казак тарап гумжардам жеткирген учагы менен жарандарынын сөөгүн алып кетет.
Кара-Кулжадагы сел агызып кеткен үй-бүлө. Аман калган кызы ооруканада