Гепатиттин В, С түрү жана ВИЧ-инфекциясы боюнча абал коркунучтуу

Sputnik
Бүгүн өлкөдө гепатиттин В, С түрүн жана ВИЧ –инфекциясын аныктап дарылоого акча бөлүнүп жатат. 2022-жылдан бери Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп пилоттук долбоорду баштаган. Азыр эмдөө жүрүп жатат. Гепатитке каршы вакцинация 3 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи дозасын 224 миң киши алды. Ал эми экинчисин 183 миң киши, 123 миңге жакын киши алган. Биринчи доза менен үчүнчү дозанын ортосу 6 ай талап кылынат. Учурда бир миллион 100 миң адам лабораториялык текшерүүдөн өттү. Анын жыйынтыгында кыска убакыттын ичинде 28 миң адамдан гепатиттин вирусу табылды.