Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Медиктердин маянасын көтөрулдү. Ким канча ала баштайт?Орбан Европарламентте ири оңчул партия түптөлүп жатканын билдирдиКара-Кулжада да сел жүрүп, бир үй-бүлөдөн төрт адамды агызып кеттиКара-Кулжа районунда сел бир үй-бүлөнү агызып кетти. Кабарды Ош облустук администрациядан тастыкташты.Алдын ала маалымат боюнча, түндө райондун Жетим-Дөбө айылында жүргөн сел Daewoo Matiz унаасында бараткан беш адамды (аялы, күйөөсү, эки уулу жана кызы) агызып кеткен. Атасы 7 жашар кызын куткарып, калгандарына келгенде өзү кошо агып кеткен. Учурда үч адамдын сөөгү табылып, дагы бир бала изделүүдө.
Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынан билдиришти. Буга чейин соцтармактарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолун сел алып кеткен видео тараган.Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, нөшөрлөгөн жаандан улам кокту-колоттон чогулган кыян суулары сайга топтолуп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 35-36-чакырымындагы убактылуу жолдун бетон шакекчелерин агызып, жолду жараксыз абалга алып келген. Жерине техника тартылып, убактылуу жолдун 300 метр жери жабылган. Ал эми унаа каттамдар ремонт жүрүп жаткан негизги жол аркылуу тоскоолдуксуз өтүүдө.
Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2,7 тонналык жардам 30-июнда атайын рейс менен Ош шаарындагы аэропортко келген. "Гуманитардык жардамдын курамы турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөн турат", — деп жазылган маалыматта.
Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жарлыкка ылайык, 1-сентябрдан тарта дарыгерлердин маянасы 50 пайызга чейин, орто медициналык персоналдыкы 20 пайызга чейин, кенже тейлөөчү персонал менен Тез жардам кызматынын айдоочуларынын айылыгы 10 пайызга чейин жогорулатылат.Маалыматка ылайык ,мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог-реаниматолог 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр 68 миң 709 сом ала турган болду. Маалыматта 20 миң сомдук компенсация Бишкек жана Ош шаарларынын медиктерине каралбай тургандыгы айтылат.
Өкмөт башчы Виктор Орбан Венгрия, Чехия жана Австрия партияларынын саясий бирикмеси бир нече күндө эле Европарламентте ири оңчул фракцияга айланарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Эскерте кетсек, Европа парламентинде саясий альянс түзүлгөнүн Австриянын эркиндик партиясынын жетекчиси Герберт Кикль, Венгриянын премьери жана "Фидес" партиясынын башчысы Виктор Орбан менен Чехиянын ANO партиясынын төрагасы, экс-премьер Андрей Бабиш Венада өткөн маалымат жыйында билдиришкен. "Биз, менин көз карашымда, жакын арада ири европалык фракция боло ала турган саясий бирикме түздүк. Европарламент шайлоосу менен 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан кийин башталган доор соңуна чыкты. Бул мезгилди кийин тарыхчылар Европада саясий өзгөрүүлөр башталган күн катары жазып чыгат", — деген Орбан М1 телеканалы көрсөткөн маалымат жыйында.