Балет бийчисине 1-класстан баштап кабыл алуудабыз

Sputnik
Борбордогу Бишкек хореографиялык окуу жайы балдарды бекер окутат. Комиссиянын тандоосунан өткөн таланттуу бөбөктөр 1-5 класстарга кабыл алынат. Мындан тышкары студенттер да билим алат. 1-класска тандоо туру 8-апрелден майга чейин журөт. Ал эми 5-класска күзүндө кабыл алынат. Аймактардан келген бөбөктөр жатаканага жайгаштырылат. Бардык шарты бар. Үч маал тамак каралган. Таланттуу балдар кесиптик билим алуу менен эле чектелбестен адамга мамиле жасоо, кайрымдуулук боюнча тарбия алышат. Бара-бара сахнада өзүн алып жүрүүнү өздөштүрүп, мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай концерттерге катыша башташат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү балет жылдызына айланып, бир катар образдарды жаратып, өз күйөрмандарын тапкан.
Залкар Кыдыковдун айтымында, окуу жайда материалдык, техникалык жактан да көйгөйлөр жок эмес.