Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Селдин кесепетинен каза болгондордун саны жалпысынан тогузга жетти. Бүгүн издөө иштерине кошумча 11 куткаруучу тартылган. Жалпы 53 куткаруучу иштөөдө. Мындан сырткары ИИМден 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылган. Жеринде жалпы 373 адам издөө иштерин улантууда.
Сауд Арабия Падышачылыгы 2024-2025-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн квота бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл аталган өлкөнүн ЖОЖдоруна билим алуу үчүн 130 орун берилген. Университеттер, программалар жана катталуу тартиби жөнүндө маалыматтарды сайтынан табууга болот. Арызды кабыл алуу 28-июлга чейин уланары кошумчаланды.
Бишкекте 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндарга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышат. "Сынактын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирет. Фестивалдын программасы элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилиндеги ырлар номинацияларын камтыйт. Катышуучулар эки тур менен таймашат, ал эми маданият, билим берүү жана илимдин көрүнүктүү ишмерлеринен турган калыстар тобу алардын аткаруусуна баа беришет", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандыктар Россияда Даун синдрому барлар арасында өткөн ири спорттук мелдеште 16 медалга ээ болду. Бул тууралуу курама команданын машыктыруучусу Ислам Турдыев билдирди. Мелдеш Казань шаарында өткөн. Ага Россиянын 39 регионунан 200дөй киши, Кыргызстандын, Казакстандын, Италиянын жана Беларустун спортчулары катышкан. Кыргызстандык спортчулар 10 алтын, эки күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту. Мындан сырткары, Акназар Нурак уулу 50 метрдик дистанцияга эркин сүзүү боюнча абсолюттук чемпион болгон.
Францияда Улуттук жыйынга, Франция парламентинин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо жүрүп жатат. Бул оңчул "Улуттук бирикме" партиясы үчүн тарыхый жеңиш алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкөнүн европалык аймагында добуш берүү саат 8:00дөн 18:00гө чейин уланат. Чоң шаарларда шайлоо участкалары шайлоочулардын агымына жараша саат 20:00гө чейин иштеши мүмкүн. Биринчи расмий жыйынтыктар ушул убакыттан кийин жарыяланат. Ошол эле учурда Азия чөлкөмүндөгү Франциянын чет өлкөлөрдөгү аймактарында, анын ичинде Жаңы Каледонияда добуш берүү дээрлик аяктады. Эки турда, 30-июнда жана 7-июлда француздар өлкөнүн парламентинде алардын кызыкчылыгын коргой турган 577 депутатты шайлашы керек. Республиканын тарыхында биринчи жолу шайлоо